Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:48

Иран Натанздагы авария үчүн Израилди айыптады


Ирандын Натанздагы уран байытуучу объектиси.
Ирандын Натанздагы уран байытуучу объектиси.

Тегеран эң башкы өзөктүк объектиси болгон Натанздагы кырсык үчүн өч алууну убада кылып, Тель-Авивди айыптады.

Тегеран кырсыкты "2015-жылдагы макулдашууну калыбына келтирүү максатындагы дипломатиялык сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүккө учуратуучу диверсиялык аракет" катары баалады.

Ирандын атомдук энергетика боюнча уюмунун башчысы Али Акбар Салехи (IAEO) 11-апрелде Натанздагы өзөктүк объектте электр энергиясын өчүрүүнү “ядролук террордун актысы” деп атады. Бул окуя уранды байытуучу жаңы жабдуунун ачылышынан бир күндөн кийин болду.

Израилдин расмий бийлиги Тегерандын бул дооматы боюнча азырынча эч кандай комментарий жасай элек.

Натанздагы жер астындагы өзөктүк жайы - Ирандын уран байытуу программасындагы чечүүчү объектиси. Анын ишмердигин Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) көзөмөлдөп турат.

XS
SM
MD
LG