Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:53

COVID-19: Британия чектөө чараларын жумшарта баштады


Британ өкмөтү коронавирус илдетинин жайылышы басаңдап баратканына байланыштуу айрым катаал чектөөлөрдү азайта баштады. Буга жашы улуу адамдардын көбү COVID-19га каршы эмдөөнүн кеминде бир дозасын алганы да себеп болду.

Өкмөттүн соңку чечимине ылайык, дүкөндөр, чач тарачтар ачылып, 12-апрелден баштап үй-бүлө мүчөлөрү өз үйлөрүндө чогулууга мүмкүнчүлүк алышты. Эми машыгуу залдары, бассейндер, китепканалар жана зоопарктар дагы ачылышы мүмкүн.

Кардарларды көчөдөн тейлөөчү ресторандар менен барлар да ачылды. Буга чейин премьер-министр Борис Жонсон бул күндү сыра сатчу пабдардын биринде бир кружке сыра менен белгилеп коёрун айткан болчу.

Ал чектөөлөрдү жумшартууну "эркиндикке карай кадам" деп атаган, бирок жарандарды сактык эрежелерин унутпай, жоопкерчиликтүү болууга чакырган.

XS
SM
MD
LG