Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:55

Боом капчыгайында жол кыймылына чектөө киргизилди


Боом капчыгайы. Архивдик сүрөт.
Боом капчыгайы. Архивдик сүрөт.

Бишкек-Нарын-Торугарт жолундагы Боом капчыгайында таш кулатуу иштери жүргүзүлө баштады.

Буга байланыштуу поезд жана автоунаалардын өтүшүнө 12-апрелден тартып чектөө киргизилди.

"Кыргыз темир жолу" ишканасы билдиргендей, коопсуздандыруу иштери капчыгайдагы 117-118-чакырымда жүргүзүлөт.

Чектөө 16-апрелге чейин саат 9:00дөн 15:00гө чейин уланат.

Боом капчыгайында таш кулай турган кооптуу аймактар көп. Маал-маалы менен аларда тазалоо иштери жүрүп турат. (NT)

XS
SM
MD
LG