Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:31

Украинанын башкы дипломаты НАТОго кайрылды


Украиналык аскерлер машыгуу учурунда
Украиналык аскерлер машыгуу учурунда

Украинанын тышкы иштер министри өлкө чыгышындагы абалды курчутпоо үчүн НАТОну жана Батыш өлкөлөрүн Орусияга чара көрүүгө чакырды. Бул тууралуу Дмитрий Кулеба Брюсселде НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг менен жолуккан соң басма сөз жыйынында билдирди. Ал "Орусияны агрессивдүү аракеттерден баш тарттыруу үчүн чаралар керек" экенин билдирди.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг соңку кырдаалга тынчсыздануусун билдирди:

“НАТО кырдаалга көз салууда. Акыркы аптада Орусия Украинага жакын чек арага миңдеген аскерлерди жөнөттү. Мындай сандагы аскерлер 2014-жылы Крымды аннексиялаган учурда топтолгон эле”.

Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин кеңсеси 12-апрелде бул аймактарда жалпысынан 80 миңдей орусиялык аскер топтолуп турганын билдирген.

Буга чейин “Чоң жети” (G7) тобунун башкы дипломаттары Кремлди Украинанын чек арасына жакын жердеги “чагымын” токтотууга үндөшкөн. Орус бийлиги аскерлерин кайсы бир аймакка жайгаштыруу өзүнүн ички иши экенин айтып, аны артка кайтаруудан баш тартууда.

XS
SM
MD
LG