Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:20

Беларус: атайын кызмат оппозициячылар кармалганын ырастады


Александр Федута
Александр Федута

Беларустун Коопсуздук комитети оппозициячыл “Беларус элдик фронту” партиясынын лидери Григорий Костусев менен бийликти сындап келген саясий аналитик Александр Федутанын кармалганын бышыктады. Атайын кызматтын 13-апрелдеги билдирүүсүндө алар учурда тергөө абагында экени айтылат, бирок кандай айып тагылганын тактаган жок.

Буга чейин Костусевдин туугандары саясатчыны 12-апрелде Шклов шаарынан кармап кетишкенин айтып чыгышкан. Соңку кездери Москвада иштеп жүргөн аналитик Федутанын дайыны чыкпай жатканын анын жубайы билдирген.

Беларуста соңку бир жылдан бери Александр Лукашенконун кызматтан кетишин талап кылган каршылык акциялары токтобой келет. Мындай кырдаалда өлкө бийлигин сындаган саясий ишмерлерди, жарандык активисттерди, журналисттерди камакка алуу уланууда.

Былтыр августтагы президенттик шайлоодон бери баш-аягы 27 миңден ашык киши кармалып, 400дөн көбү соттолду. Алардын айрымдары кыйноого кабылып, бир нече адам каза болгону жөнүндө кабарлар чыккан. Оппозициячыл бир нече саясатчы өлкөдөн чыгып кетүүгө аргасыз болгон.

XS
SM
MD
LG