Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2022 шаршемби, Бишкек убактысы 03:54

Айзаданын өлүмү: Активисттер ИИМдин алдына чогулушту


Бишкекте Ички иштер министрлигинин алдында аялдардын укугун коргоону талап кылган акция өтүп жатат.

Анын катышуучулары уурдалып, өлтүрүлгөн Айзада Канатбекованын өлүмүнө жооптуулар жазасын алышы керектигин, аялдардын укуктарын коргоону жана министр Улан Ниязбековдун кызматтан кетишин талап кылышууда.

Ушул эле митингге жалаң эркектерден турган топ да келип, нааразы тарапты мекеменин алдынан сүрүп чыгарды. ИИМдин ардагерлери да бул жерге чыгып, Айзаданын өлүмүнө жооптуулар жазага тартылганын айтып жатышты.

Айзада Канатбекованы быйыл 5-апрелде Бишкектин көчөсүнөн үч адам күчтөп автоунаага салып кеткен. Эки күндөн кийин кыздын жана аны уурдаган эркектин сөөгү талаадан табылган.

Шаардык милиция адам уурдоого шектүү, 36 жаштагы Замирбек Теңизбаев алгач кызды футболка менен муунтуп өлтүрүп, андан кийин өзүнүн күрөө тамырын кыйганын билдирген. Теңизбаев Орусияда ар кандай кылмыштар үчүн үч ирет соттолуп, абакта отуруп чыкканы белгилүү болгон. Айзаданын өлүмүнө байланыштуу төрт адам кармалган. 40тан ашык милиция кызматкери иштен алынган.

Окуя коомдо катуу резонанс жаратып, 8-апрелде активисттер, укук коргоочулар жана бир катар шаар тургундары ИИМдин алдына чыгышып, министрдин иштен кетишин талап кылышкан.

Алар ар бейшемби сайын акцияга чыгарын жарыялашкан. (NT)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG