Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:10

Балтика өлкөлөрү Украинага тилектештигин билдиришти


Латвия менен Литва Киевди колдоп, Москваны Украинага күчүн көргөзүүдөн алыс болууга чакырган билдирүүсүн жарыялашты.

Бул эки Балтика мамлекетинин тышкы иштер министрлери Киевде биргелешкен басма сөз жыйынын өткөрүп, билдирүү таратышты. Анда Орусиянын Украинанын чек арасына жакын аймактарга ашыкча көп аскерлерин киргизип, аскердик техниканы жайгаштырганы чөлкөмдө абалды курчутуп, чыңалууга өбөлгө түзүп жатканы көрсөтүлгөн.

Латвиянын тышкы иштер министри Эдгарс Ринкевичс “Украинаныкы азыр укуктук жана моралдык жактан да туура. Азыркы учурда эсине келип, өз аракеттерин оңдой турган бир гана тарап бар. Ал - Орусия”, - деди.

Ал эми Литванын тышкы иштер министри Габриэлиус Ландсбергис “Украина эч качан жалгыз калбастыгын” билдирди.

XS
SM
MD
LG