Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2021 жума, Бишкек убактысы 12:56

Пакистан соңку тоз-тополоңдон улам соцтармактарды убактылуу жапты


Пакистандын Ички иштер министрлигинин Интернеттеги социалдык тармактар менен платформаларга бөгөт коюу боюнча көрсөтмөсү.

Пакистанда Ички иштер министрлигинин сунушу менен Twitter, Facebook, WhatsApp, YouTube жана Telegram өңдүү социалдык тармактарды убактылуу жабылды. Буга ишмердигине жаңы эле тыюу салынган ашынган исламчыл партиянын тарапкерлеринин тоз-тополоң менен коштолгон карл=шылык акцияларынегиз болду.

Буга чейин полиция "Техрик-и-Лаббайк" (TLP) партиясынын санаалаштарын интернетте соцтармактарда такталбаган маалыматтарды таратууга, башаламандыкка чакырган, коомду козуткан билдирүүлөр үчүн айыптаган.

Өткөн шаршембидеги башаламандыкта беш адам, анын ичинде эки полиция кызматкери курман болду. Былтыртан бери Францияга каршы акцияларды уюштуруп келген, ашынган" Техрик-и-Лаббайктын" колдоочулары анда лидерин бошотууну талап кылып, полиция менен кагылышкан. Партиянын башчысы Саад Ризви 12-апрелде Лахор шаарында камакка алынган.

Мунун алдында ал тарапташтарын Пакистандагы француз элчисин өлкөдөн чыгарууга үндөгөн. Полиция 13-апрелде Ризвиге террорчулукка байланыштуу кылмыш ишин козгогон.

Пикирлерди көрүңүз

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG