Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:50

Казакстанда мунайчылар маянаны көтөрүүнү талап кылышты


Актөбөдөгү мунай казган кытайлык компаниянын жумушчуларынын эмгек акыны көтөрүүнү талап кылган митинги. 27-июнь. 2017-жыл.
Актөбөдөгү мунай казган кытайлык компаниянын жумушчуларынын эмгек акыны көтөрүүнү талап кылган митинги. 27-июнь. 2017-жыл.

Казакстандагы Кызылордо облусунда мунай бургулаган "Қуат Амлон Мунай" казак-кытай биргелешкен компаниясынын үч жүздөн ашуун жумушчусу эмгек акыны жогорулатууну талап кылып жатат.

Нааразы болгондор эгер алардын талабы аткарылбаса, жакынкы күндөрү иш ташташарын эскертишти. Мунайчылардын айтымында, азыр алардын бир айлык маянасы 110 миң теңге, же 250 АКШ долларын түзөт.

Биз айлык акынын өлчөмүн жок эле дегенде 250 миң теңгеге чейин көбөйтүүнү талап кылабыз. Азыр биздин арабызда ай-сайын болгону 90 миң теңге алып, оор жумуштарда иштеп жүргөндөр бар ” -деп билдирди “Азаттыктын” казак кызматына атын атагысы келбеген жумушчулардын бири.

Интернетке жарыялаган видеодон мунайчылар президент Касым-Жомарт Токаевге кайрылуу жасашканын көрүүгө болот. Тасмага кыркка чукул жумушчу тартылган. Алардын ырасташынча, бул компанияда 350 адам иштейт жана алардын баары бул талапты колдойт.

Казак бийлиги жана аталган компаниянын өкүлдөрү азырынча үн ката элек. "Қуат Амлон Мунай" компаниясын кытайлык жарандар башкарат.

Казакстанда айлык акынын көтөрүлүшүн , иштеги шарттын жакшыртылышын талап кылган мунайчылардын нааразылык акциялары, иш таштаган учурлары буга чейин дагы болгон.

XS
SM
MD
LG