Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:04

17-апрелдин аба ырайы


Кыргызстан.
Кыргызстан.

17-апрелде түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолорунда кар жаайт, Ысык-Көл облусунун тоолуу аймактарында кар жаайт, Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолордо кар жаайт, Жалал-Абад, Талас облустарында жаан-чачын жаабайт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 5...10, күндүз 19…24;

Талас жергесинде түнкүсүн 4...9, күндүз 18…23;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18;

Нарында түнкүсүн 1…6, күндүз 13…18;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -6…-11, күндүз -2…+3 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жана эртең менен бир аз жаан жаашы мүмкүн, күндүз жаан-чачын жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 21…23 градус.

XS
SM
MD
LG