Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 00:47

18-апрелдин аба ырайы


Иллюстрациялык сүрөт.

18-апрелде түнкүсүн Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын жаабайт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Нарын облустарынын көпчүлүк жерлеринде, Талас, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда маал-маалы менен жаан, тоолуу аймактарында кар жаайт. Бийик тоолордо жолдор тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй, Талас облустарын түнкүсүн 4...9, күндүз 16…21;

Ош, Баткен, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 7…12, күндүз 17…22;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 2…7, күндүз 11…16;

Нарында түнкүсүн 0…5, күндүз 11…16;

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн 0…-5, күндүз 0…5 градус болот.

Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаашы ыктымал. Абанын температурасы түнкүсүн 7…9, күндүз 19…21 градус.

Пикирлерди көрүңүз (1)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.

XS
SM
MD
LG