Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:07

Ноокатта жолдун оңдолушун талап кылган акция өттү


Ош-Баткен жолунун Ноокат районундагы бөлүгүн оңдоп берүүнү талап кылган тургундар акция уюштурушту.

Жолдун кейиштүү абалына нааразы болгондор түрдүү талаптар жазылган плакаттарды көтөрүп чыгышты. 18-апрелде социалдык желеге тараган сүрөттөрдө өкмөт башчыга, Жогорку Кеңештин депутаттарына кайрылуу жазылган. Уюштуруучулар айрым сүрөттөрдү "Азаттык" радиосуна да жөнөтүштү. Алар плакаттарын тамтыркайы чыккан жолдун фонунда сүрөткө тартып таратышкан.

Акциядагы сүрөттөрдүн бири
Акциядагы сүрөттөрдүн бири

Жолдун Ноокат аркылуу өткөн бөлүгүнүн мындай абалы жергиликтүү элди бир топ жылдан бери нааразы кылып келет. Бул жолго 1971-жылы асфальт төшөлгөн.

Сооронбай Жээнбеков президент кезинде аймакка барган учурда райондук жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жолду ылай, топурак менен жамап жатканы тартылган видео интернетке жарыяланып кеткен.

Акцияда тартылган сүрөттөрдүн бири.
Акцияда тартылган сүрөттөрдүн бири.

Ош-Баткен жолунун Ноокат аймагынан өткөн 45 чакырым аралыгын оңдоо үчүн Транспорт министрлиги тендер өткөргөн. Тендерди жапониялык JICA уюму утуп чыккан жана оңдоп-түзөөгө байланыштуу долбоор түзүп жатканы былтыр март айында кабарланган. (SE)

XS
SM
MD
LG