Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:10

20-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат


Бадам гүлү. Ноокен району, март.
Бадам гүлү. Ноокен району, март.

20-апрелде түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт. Ысык-Көл облусунда жаан-чачын болбойт. Батыш тараптан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5...10, күндүз 18...23,

Талас жергесинде түнкүсүн 4...9, күндүз 17...22,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 7...12, күндүз 19...24,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 3...8, күндүз 15...20,

Нарын облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 15...20,

Бийик тоолуу аймактарда түнкүсүн -6...-11, күндүз 1...6°.

Бишкек шаарында түштөн кийин жаан жаайт. Түнкүсүн 8…10, күндүз 20…22° болот.

XS
SM
MD
LG