Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:55

ИИМдин алдында антимитингге чыккандарга каршы арыз жазылды


Бишкекте Айзаданын өлүмүнөн улам ички иштер министри Улан Ниязбековдун иштен алынышын талап кылган нааразылык акциялар өткөн.
Бишкекте Айзаданын өлүмүнөн улам ички иштер министри Улан Ниязбековдун иштен алынышын талап кылган нааразылык акциялар өткөн.

Бишкекте аялдарга карата зомбулукка каршы чыккан активисттердин акциясына тоскоолдук жараткан жарандарга каршы милицияга арыз жазылды. Бул тууралуу ички иштер органдарына кайрылган жарандык активист Бурул Усманали билдирди.

“15-апрелде бизге каршы антимитингге чыккан адамдардын тек-жайын тактап, чара көргүлө деп арыз жаздым. Журналист Болот Темиров митингге милиция кызматкерлери да катышканы тууралуу иликтөөсүн жарыялады. Ал милициялардын үстүнөн да арызданам”.

Болот Темиров 17-апрелде жарыялаган иликтөөсүндө акцияга тоскоолдук жараткан адамдардын арасында жарандык кийим кийген милиция кызматкерлери, милиция ардагерлери бар экенин көрсөткөн.

Ички иштер министрлиги журналисттин иликтөөсүндөгү фактыларды четке кагып, аны "жалган, ушак, ойлонуп табылган" деп билдирди.

5-апрелде Бишкекте Айзада Канатбекова аттуу кызды уурдап кетишкен. Анын сөөгү бир нече күндөн кийин табылган. Жарандык активисттер буга байланыштуу ички иштер министри Улан Ниязбековдун кызматтан алынышын талап кылышкан.

ИИМ кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында шаардык милициянын жетекчиси баш болгон кырктан ашуун кызматкерди жумуштан алган.

15-апрелде министрликтин алдында жарандык активисттердин министрдин иштен кетишин талап кылган экинчи акциясы өтмөк. Кыз-келиндер чогулган бул акцияга каршы дээрлик эркектерден куралган топ да антимитинг уюштуруп, кыз-келиндерди акция болуп жаткан жерден сүрүп чыгарышкан.

XS
SM
MD
LG