Кыргызстанда 19-апрелден 19-майга чейин балдарга инактивацияланган полиомиелит вакцинасынын толуктоочу эмдөө жүргүзүлөт.
Саламаттык сактоо жана социалдык өнүгүү министрлиги кабарлагандай, 2016-жылдын 1-апрелинен 2018-жылдын 15-февралына чейин төрөлгөн балдар ИПВ вакцинасын бир жолу 0,5 мл дозасында алышат.
Эмдөө акысыз болот. Өнөктүктүн максаты – эмдөөлөрүн өткөрүп жиберген балдар когортасын 95% жеткирүү.
Мартта Кыргызстан полиомиелитти жок кылуу боюнча Глобалдык демилгеден керектүү дозада ИПВ вакцинасы бар экендиги жөнүндө тастыктама алган.
Учурда 177 736 доза келген, жакын арада калганы бөлүгү келет. Жалпысынан 270 039 миңден ашуун баланы эмдөө пландаштырылууда.
Эмдөөнү өткөрүп жибергендер 063 формасын кайра карап чыгуу, 2016-2017-2018 жылдары туулган балдарды эсепке алуу жана отчеттук формаларын талдоо жолу менен аныкталат.
ИПВ вакцинасы Кыргызстанда 2018-жылдын май айында киргизилген.
Полиомиелит - кооптуу жана өлүмгө алып келүүчү жугуштуу оору. Айыктыруучу дары жок болгондуктан, полиомиелитке каршы эмдөө балдарды коргоонун бирден-бир коопсуз жана натыйжалуу жолу болуп саналат.
2002-жылдан бери Кыргызстан "Полиомиелиттен эркин өлкө" сертификатына ээ.