Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:32

"Der Spiegel" Крымдагы аскердик лагердин сүрөттөрүн жарыялады


Германиядагы "Der Spiegel" басылмасы соңку санында аннексияланган Крымдагы Керчь шаарынын түштүгүндөгү орусиялык аскер лагеринин спутниктен тартылган сүрөттөрүн жарыялады. Журнал мындай жай быйыл 15-марттан 2-апрелге чейинки аралыкта пайда болгонун белгилеген.

Марфовка кыштагынан 30 чакырым алыстыктагы жээкте орусиялык аскерлер көчмө аскер базасын курушкан. Эгер 15-мартта эле бул жээк бош жаткан болсо, 2-апрелден бери ар кандай курулуштардын саны өсүп, аскер техникасы көбөйгөн”- деп жазылган макалада.

Лагерде миңден ашуун машина жана ар кандай аскер техникасы жайгашканы да кабарланды.

Conflict Intelligence Team (CIT) тобунун аналитиктери Крымга багыт алган аскердик эшелондордун видео тасмаларын иликтеп чыгып, "бул лагерге Орусиянын Түндүк Кавказдагы 58-армиясынын аскер бөлүктөрү которулган" деген жыйынтыкка келди.

Анын айрым бөлүктөрү Крымга ташталганын Орусиянын Түштүк аскердик округунун басма сөз кызматы да жакында кабарлаган.

Бирок мында өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүштөр жана танктар сыяктуу оор техника спутниктен тартылган сүрөттөрдөн көрүнгөн эмес, ошондуктан аскер аналитиктери бул лагерь Түндүк Кавказдан которулган жалгыз лагерь эмес деген тыянак чыгарышты.

Москва Украинанын чек араларын бойлой тартылып жаткан аскер күчтөрүн башында аскердик машыгуу катары негиздеп жаткан. Мындай абалга Киев жана бир катар Батыш мамлекеттери тынчсызданып, Орусия Донбасска өз күчтөрүн киргизүүгө даярданып жаткан болушу ыктымал деп кооптонушууда.

XS
SM
MD
LG