Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:35

Орусия "Спутник" вакцинасынын 300 миң дозасын Өзбекстанга апрелдин аягына чейин жеткирет


Өзбекстан.
Өзбекстан.

Орусия «Спутник V» вакцинасынын 300 миң дозасын апрелдин аягына чейин берип, майдын башынан тартып эмдөө иштери республика боюнча кеңири масштабда жүргүзүлөт. Бул тууралуу Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов COVID-19 илдетине каршы туруу боюнча Ташкентте өткөн атайын республикалык комиссиянын жыйынында айтты.

Өзбекстанга Кытай вакцинасынын 1 миллион дозасы апрелдин аягына чейин келет.

Өзбекстандын премьер-министри жарандар үч вакцинанын ичинен каалаганын тандай аларын белгиледи.

Өзбекстанда коронавируска каршы эмдөөдөн өткөндөрдүн саны 400 миңден ашканы белгилүү болду.

Орусия буга чейин Кыргызстанга «Спутник V» вакцинасынын 30 миң дозасы берилерин убада кылган.

XS
SM
MD
LG