Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:08

Таласта жергиликтүү тургун дарыгерди урган деп шек саналууда


"Тез жардам" автоунаасы. Иллюстрациялык сүрөт.
"Тез жардам" автоунаасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Таласта облустук оорукананын дарыгерин урган деп шек саналган жергиликтүү тургун – Замирбек Болотбековдун ишин милиция иликтеп жатат. Анын үстүнөн Жоруктар жөнүндө кодекстин 119-беренеси (“Майда бейбаштык) менен сотко чейинки тергөө башталды. Бул тууралуу “Азаттыкка" Облустук ички иштер бөлүмүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Шектүүнүн айтымында, 5-апрелге караган түнү анын 16 жаштагы уулу жол кырсыгына кабылып оорукана түшкөн. Болотбеков дарыгер баланы жакшы карабай койгонун, орой мамиле жасаганын билдирди.

“Мени сыртка түртүп чыгарып жиберди, муунтту. Карындашым видеого тарта баштаганда өзгөрүп, жумшара түштү”,- деп түшүндүрдү шектүү.

Аты-жөнү ачык айтылбаган дарыгер милицияга арыз жазып, “мээси чайкалганын” тастыктаган маалымкат тапшырган. Замирбек Болотбеков да дарыгердин үстүнөн прокуратурага, милицияга арыз жазып, президентке кайрылуу жолдогон. Шектүү орто жолдо дарыгерге жарашууну сунуш кылган, бирок ал макул болгон эмес.

Облустук оорукананын директору Нурдин Усупбеков окуяны бышыктап, жол кырсыгына кабылган балага убагында тиешелүү жардам көрсөтүлгөнүн, бирок ага карабай атасы дарыгерге кол көтөргөнүн билдирди.

“Баланын абалы жакшы. Операция жасалды, жакында үйүнө чыгарылат”,- деди Усупбеков. (MKt)

XS
SM
MD
LG