Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:29

"Temirov lIVE": Бишкектеги хан сарай Сарыбашовдун тууганына катталган (видео)


Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун тууганына катталганы айтылган үй жана Сарыбашов өзү.
Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун тууганына катталганы айтылган үй жана Сарыбашов өзү.

Болот Темиров баштаган иликтөөчү журналисттердин "Temirov LIVE" каналы 19-апрелде Бишкек шаарындагы курулуп жаткан хан сарай Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашовдун тууганына катталганы тууралуу видео жарыялады.

Анда журналисттер борбор калаанын Байтик баатыр көчөсүндө жайгашкан имарат 2018-жылдын 16-февралында Осмонова Бурулкан Бакытбековнанын атына катталганын аныктаган.

Интернеттеги ачык булактар аркылуу журналисттер Бурулкан Осмонова Таалайбек Сарыбашовдун бир тууганы Патила Сарыбашованын кызы экенин табышкан.

"Эмне үчүн мэр өзүнүн маалымат катчысы аркылуу маалыматты четке кагуу менен, туура эмес маалымат таратып жатат. Эгер ал бул хан сарай менен байланышын четке какса, демек жөнөкөй жарандардан жашыра турган бир нерсеси барбы?", — деп суроо салган журналист Актилек Капаров.

Иликтөөдө Сарыбашовдорго таандык Гүлчөдөгү үй тасмада көрсөтүлгөн Бишкектеги курулушка окшош экени айтылат.

Мындан сырткары 2019-жылы Ош мэриясы мамлекеттик резиденцияны оңдоого 3,7 миллион сомдон ашык каражат жумшаганы баяндалат.

Март айынын башында социалдык тармактарда Таалайбек Сарыбашовго таандык хан сарай курулуп жатат делген видео тараган. Тасмадагы маалыматты мэриянын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров четке кагып, «Азаттыкка» берген комментарийинде ал курулушка мэрдин тиешеси жоктугун билдирген.

Сарыбашов мэрияны 2018-жылдан бери жетектеп келе жатат. Ага чейин, 2015-жылдан тартып Ош облусунун губернатору болгон. 2012-2015-жылдары Алай районунун акими кызматында турган. (DU)

XS
SM
MD
LG