Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:01

Пандемия шартында адам укугун коргоо маселеси талкууланат


Иллюстрация.
Иллюстрация.

Бишкектеги «Хаят» мейманканасында өтө турган талкууну Акыйкатчы институту жана Кыргызстандагы Юридикалык клиникалар бирлиги БУУнун долбоорунун алкагында уюштурууда.

Анда коронавирус пандемиясынын шартында адам укугун коргоо жана бул жааттагы жаңы ыкмалар талкууга коюлат.

2020-жылкы Кыргызстандагы адам укугунун индекси тууралуу иликтөөнүн жыйынтыгы да жарыяланат.

Жыйынга мамлекеттик органдардын, эл аралык, бейөкмөт уюмдардын, юридикалык клиникалардын өкүлдөрү чакырылган.

Бишкекте уурдалып, киши колдуу болгон Айзада Канатбекованын окуясы адам укугун, айрыкча аялдарга, балдарга карата зомбулук маселесин кайрадан күн тартибине чыгарды. Өлкөдө 2020-жылы март айында башталган коронавирус пандемиясына байланыштуу киргизилген карантин учурунда зомбулук 65% көбөйгөн.

ИИМдин маалыматына караганда, былтыр үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 9025 факты катталып, анын 10% гана сотко өткөн. (NT)

XS
SM
MD
LG