Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:32

Ноокат: жолдун оңдолушун талап кылгандар митингге чыгышты


Ноокат районунда эл нааразычылык акциясына чыгышты
Ноокат районунда эл нааразычылык акциясына чыгышты

Ош-Баткен жолунун Ноокат районундагы бөлүгүн оңдоп берүүнү талап кылган тургундар нааразычылык акцияга чыгышты.

Бүгүн 20-апрелде Көк-Жар айылынын стадионунда башталган митингге жүзгө чукул жергиликтүү тургун катышып жатат. Аймактагы кабарыбыздын айтымында, азырынча аларга жергиликтүү бийлик өкүлдөрү келе элек.

Ош-Баткен жолунун Ноокат районундагы бөлүгүн оңдоо талабы менен өткөн жумада да акция уюштурулган болчу. Жолдун кейиштүү абалы тургундарды бир топ жылдан бери эле нааразы кылып келет. Бул жолго 1971-жылы асфальт төшөлгөн.

Сооронбай Жээнбеков президент кезинде аймакка барган учурда райондук жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери жолду ылай, топурак менен жамап жатканы тартылган видео интернетке жарыяланып кеткен.

Ош-Баткен жолунун Ноокат аймагынан өткөн 45 чакырым аралыгын оңдоо үчүн Транспорт министрлиги тендер өткөргөн. Тендерди жапониялык JICA уюму утуп чыккан жана оңдоп-түзөөгө байланыштуу долбоор түзүп жатканы былтыр март айында кабарланган. (MrA)

XS
SM
MD
LG