Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:15

Казакстандын Чек ара кызматы Атыраудагы жер чатагы боюнча билдирүү жасады


Казакстан. Атырау облусундагы жол.
Казакстан. Атырау облусундагы жол.

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин чек ара кызматы Атырау облусундагы Көптогай айылынын тургундары Орусия менен чектешкен жерде чек ара сызыгын тактап, мамыларды орнотууга каршы чыккан окуя боюнча комментарий берди.

Билдирүүдө Чек ара кызматы “эч кимге жер берилген жок” деп айтылат.

Жерди эч кимге берген жокпуз. Дарыяга кеткен жол сакталып калды. Акимиат дарыяга жол ачуу маселесин карайт”,-деп билдирди Чек ара кызматынын башчысынын биринчи орун басары Айдар Аймурзин.

Өткөн жуманын этегиндеги казак-орус чек арасын тосмолоо иштери жергиликтүү элдин каршылыгын жараткан. Жергиликтүүлөр суу алчу дарыянын жээги тосулуп калганына каршы чыгып, “кайсы бир тилке Орусияга берилип кеткени” тууралуу сөз тараган.

Айдар Аймурзиндин айтымында, тосмолорду мамлекеттик чек арадан 100 метр бери орнотуу мыйзамда каралган. 2008-жылы тургундардын өтүнүчү менен мал Орусиянын аймагына өтүп кетпеши үчүн кашаа тосулган. Аны оңдоону жергиликтүү эл туура эмес түшүнгөнү үчүн ызы-чуу чыгып кеткени билдирүүдө белгиленди.

Казакстандын чек ара кызматы Көптогай айылында инженердик жумушчу тилкелерди аныктоодо мурда орнотулган узундугу 1500 метрге созулган темир тосмолор 70 метрге чейин Орусияга кирип кеткенин кабарлаган.

Жекшемби күнү бул айылда болгон элдин нааразылыгынан кийин орнотулган тосмолор алынып салынганы белгилүү болду.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG