Белгилүү кыргыз жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун жубайы Мария Айтматова 79 жашында коронавирустан көз жумду. Бул тууралуу 20-апрелде Ч. Айтматов атындагы эл аралык фондунун басма сөз кызматы билдирди.
Мария Айтматова жолдошу дүйнөдөн кайткандан кийин Чынгыз Айтматов фондунун төрайымы катары ишмердик жүргүзүп келген.
Жазуучу экөөнүн ортосунда бир уул жана бир кызы бар.
Залкардын тиреги жана музасы өттү
1/10
Мария Урматовна Чыңгыз Айтматовдун биринчи окурманы жана редактору да болчу. “Кылым карытар бир күн” романын Мария Айтматова өз колу менен терип чыккан.
Толук көрсөт
Кыскарт
3/10
Мария Айтматова ВГИКти бүтүргөн, Кинематографисттер Союзуна караштуу Кино үйүндө сценарист болуп иштеген.
Толук көрсөт
Кыскарт
4/10
Мария Айтматова 1961-жылы жылы Айтматовдун чыгармасынын негизинде тартылган “Бото көз булак” тасмасынын режиссёру Лариса Шепитьконун жардамчысы болгон.
Толук көрсөт
Кыскарт
5/10
Мария Айтматова “Түркмөнфильм” студиясы тарабынан тартылган “Маңкурт” тасмасынын сценаристи болгон.
Толук көрсөт
Кыскарт
6/10
Мария Айтматова 60-жылдардагы киночулардын жаңы толкунунун жигердүү мүчөсү болгон.
Толук көрсөт
Кыскарт
8/10
“Апа, бүгүн неберелериңиз менен отургузган магнолия гүлдөдү. Биз сизге өмүр бою ыраазыбыз. Сиз биздин жүрөгүбүздө каласыз жана сизди жакшы көрөбүз”, - деп жазышты балдары Кочи, Ширин жана Эльдар.
Толук көрсөт
Кыскарт
Артка
Алдыга