Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:38

Ооганстан: жоочулардын чабуулдары кеминде 12 кишинин өмүрүн кыйды


Ооганстандын коопсуздук күчтөрү
Ооганстандын коопсуздук күчтөрү

Ооган өкмөтүнүн Бадахшан провинциясындагы өкүлү Закира Ариандын билдиришинче, 20-апрелде Зебак районундагы бекетке жоочулардын түнкү кол салуусунан сегиз полиция кызматкери окко учуп, дагы экөө оор жарадар болду. Жергиликтүү полиция кандуу окуя болгонун ырастады, бирок адам курмандыктарын тактаган жок.

Tolo News маалымат агенттигинин булагы жоочулар арасында дагы жабыркагандар болгонун кабарлады.

Герат провинциясында болсо жоочулардын чабуулунан кеминде коопсуздук күчтөрүнүн эки кызматкери каза таап, дагы 15 адам жарадар болду. Анда Горян районундагы полициянын имаратына жанкечти кирип барып жардыргыч затты жардырып жиберген.

Кандуу окуяда төрт үй кыйрап, башка курулуштар дагы жабыркаган.

Кабул полициясы бул күнү армиянын офицери менен айдоочусу атылганын кабарлады. Блокпост менен автоунаага чабуулдарды "Талибан" кыймылы уюштурганын мойнуна алды.

АКШны президенти Жо Байден өткөн жумада 2001-жылдагы Кошмо штаттарга террорчулардын кол салуусунан туура жыйырма жылдан соң Ооганстандан аскерлер чыгарын жарыялаган.

Быйыл апрель айынын этегинде Стамбулда ооган тынчтык сүйлөшүүлөрү башталмак. Бирок жакында эле талибдердин лидерлери бул сүйлөшүүлөргө барууга даяр эместигин жарыялашкан.

XS
SM
MD
LG