Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 04:10

Орусия эки болгар дипломатын өлкөдөн чыгарат


Болгарияда кармалган орус тыңчысы сотто
Болгарияда кармалган орус тыңчысы сотто

Москва 20-апрелде Софияга тыңчылык тууралуу айып койду жана өткөн айда Болгариядан эки орус дипломатынын чыгарылышына жооп кылып, бул өлкөнүн элчилигинин эки кызматкерин “персона нон-грата” деп жарыялады. Мындан улам аларды чукул арада Орусиядан чыгарууну чечти.

Орус Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө болгар элчиси эки орус дипломаты бир ай мурун Софиядан чыгарылгандан кийин министрликке чакыртылганы, ага нааразылык нотасы тапшырылганы айтылат.

Болгариянын башкалаасы Софияда жана Перник шаарында "Москванын пайдасына тыңчылык кылган" деген доого байланыштуу алты киши кармалган.

Алардын экөө - болгар армиясынын офицерлери, бирөө болсо - чалгынга каршы кызматтын мурдагы кызматкери экени айтылган. София аларды орус элчилигинде дипломатиялык макамда иштеген атайын кызматтын эки тыңчысы азгырганын жарыялап, тыңчылар өлкөдөн чыгарылганын билдирген.

XS
SM
MD
LG