Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:54

Баткенде мунай чыгарган чакан завод ишке кирет


Кыргызстандагы мунай казып алуучу жабдуулар. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы мунай казып алуучу жабдуулар. Иллюстрациялык сүрөт.

«Сафар» жоопкерчилиги чектелген коому Баткен облусунун Лейлек районунда мунай иштетүүчү чакан завод куруп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Энергетика жана өнөр-жай министрлиги кабарлады.

Анда айтылгандай, учурда заводду ишке киргизүүгө байланыштуу чаралар аткарылууда. «Кыргызмунайгаз» ачык акционердик коому менен жылына 10 тоннага чейин мунай алуу тууралуу келишим түзүлдү.

Завод май айында толук иштеп баштамакчы. Андан кийин жылына жаңыланып, чийки затты иштетүү сыйымдуулугун арттырып турат. Жылына 50 миң тоннага чейин мунай иштетет деген эсеп бар. Ал дизелдик күйүүчү май жана мазут чыгарат. Жалпы 40тай киши иштейт.

Кыргызстанда мунай иштетүүчү бир нече ишкана бар. Анын ичинде «Жунда» (Чүй, Кара-Балта), «SvRithLTD» (Жалал-Абад, Таш-Көмүр), «Токмок мунай иштетүүчү заводу» (Чүй, Токмок), «Кемин мунай иштетүүчү заводу» (Чүй, Кемин), «Кыргыз Петролеум Компани» (Жалал-Абад) жана башкалар. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG