Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:14

Милициянын эки кызматкери пара алууга шектелип кармалды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын Биринчи май райондук бөлүмүнүн тергөөчүсү («А.К.») жана Чүй облусунун Аламүдүн районунун милиция кызматкери («Д.Б») опузалап пара талап кылуу жана пара алуу фактысы боюнча шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Билдирмеде айтылгандай, аталган милициянын кызматкерлер өз кызыкчылыктары үчүн, «М.у.Т.» аттуу жаранга сотко чейинки ишке байланыштуу кысым көрсөтүшкөн. Муну үчүн алар андан эки миң доллар өндүрүшкөн.

Кызматкерлер сотко чейинки ишти токтотуу маселесин чече албай, опузалап талап кылуу фактылары ачыкка чыкпашы үчүн «М.у.Т.» аттуу жаранга 1,5 миң долларын кайтарып берүүгө аргасыз болушкан. Калган 500 АКШ долларын кайтарып берүү учурунда, Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн улук тергөөчүсү «Д.Б» кармалган. Андан кийин «А.К.» кармалган.

Бул факт Жазык кодексинин 326-беренесинин 1-бөлүмү («Опузалап пара алуу») боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Учурда тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG