Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:16

Ошто бала бакчада тарбияланган кыздын сабалышы тергеле баштады


Кыргызстандагы бала бакчалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргызстандагы бала бакчалардын бири. Иллюстрациялык сүрөт.

Ош шаарындагы менчик бала бакчалардын биринде наристе кыз сабалган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.

Ага ылайык, кошумча медициналык экспертиза дайындалды жана иштин мындан башка чоо-жайы тууралуу кабарлаган жок.

Мунун алдында экинчи борбор калаанын аты-жөнүн ачык айткысы келбеген тургуну социалдык түйүндөгү баракчасында «Жасмин» аттуу менчик бала бакчада 5 жаштагы кызы сабалганын жазган. Ал чүрпөсү түшкү тыныгууда уктабай койгондуктан тарбиячылар аны үкөл сайып коркутууга алганын, андан кийин сабап, чачтарын жулуп салганын маалымдап, сүрөттөрүн жарыялаган. Окуя 5-апрелде болгону айтылат.

Бул тууралуу маалыматты 21-апрелде коомдук ишмер Ассоль Молдокматова баштаган бир катар активисттер-журналисттер бөлүшүп, бакчанын ээси чоң кызматта иштегендиктен жоопкерчиликтен качып кетип жатканын коңгуроо кагышкан. Алар укук коргоо органдарын окуяны калыс иликтөөгө чакырышкан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG