Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:55

Зеленский Путинге Донбасста жолугушууну сунуштады


Украина. Президент Владимир Зеленский Мариуполь облусундагы Орусия колдогон жикчилдерге каршы күрөш жүргүзгөн украин фронтунун алдыңкы линиясында. 9-апрель. 2021-жыл.
Украина. Президент Владимир Зеленский Мариуполь облусундагы Орусия колдогон жикчилдерге каршы күрөш жүргүзгөн украин фронтунун алдыңкы линиясында. 9-апрель. 2021-жыл.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын президенти Владимир Путинге чыңалуу болуп турган Украинанын чыгышындагы Донбасста көзмө-көз жолугушууну сунуштады.

Анын видео кайрылуусу украин президенттинин расмий сайтына жарыяланды.

Зеленскийдин сунушу Украианын чыгышында, эки өлкөнүн чек арасында чыңалуу курчуп, армиялары тирешип турган учурга туура келди.

Зеленский жарандарына кайрылып, "Украина согушту каалабайт, бирок өзүн коргой алат" деп айтты. Анын ырасташынча, өлкөнүн чек арасында көптөгөн орусиялык аскер бөлүктөрү менен бирикмелери топтоштурулган. Орусия муну аскердик машыгуу десе, дүйнө жүзү аны опуза катары кабыл алды.

Украин президенти жарандарды кырдаалды курчутпоого жана айрым саясатчылардын биринчи болуп «согуш баштоо» чакырыгын укпоого үндөдү.

Бул украин тилиндеги кайрылуусунун аягында президент Владимир Зеленский орусча сүйлөп, “Түндүктөгү кошунага” – Орусияга өзүнчө кайрылды.

Бир жолу Орусиянын президенти “эгерде мушташ болору анык болсо, анда биринчи болуп уруу керек” деген. Бирок мында лидер жөн эле уруш тууралуу эмес, миллиондордун өмүрүнө байланыштуу реалдуу согуш тууралуу сөз болуп жатканын түшүнүш керек” – деди Зеленский.

Анын айтымында, Украина менен Орусия келечекке ар кандай карашат. Бирок ал азыр эки тарапта тең жоготуулардын алдын алып калууга толук мүмкүнчүлүк бар экенин айткан.

"Путин мырза, мен мындан ары дагы барып, согуш жүрүп жаткан Донбасстын кайсы чекитинде болбосун сиз менен жолугушканга даярмын", - деп билдирди Зеленский.

Бул кайрылууга карата Москва азырынча эч кандай реакция жасай элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG