Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:52

Казакстан Бишкек-Жамбыл-Талас транзитине кайрадан уруксат берди


Кыргыз-казак чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.
Кыргыз-казак чек арасы. Иллюстрациялык сүрөт.

Расмий Нур-Султан кыргызстандык жарандарга Бишкек шаарынан Талас облусуна Жамбыл аркылуу ары-бери катташына уруксат берди. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстан жүргүнчү ташуучу унаалардын транзиттик өтүүсүн калыбына келтирүү жөнүндө чечим кабыл алганын билдирди.

Мекемеден ырасташкандай, бул чечим Кыргызстандын жана Казакстандын президенттери Садыр Жапаров менен Касым-Жомарт Токаевдин өткөн айдын башында Нур-Султан шаарындагы сүйлөшүүсүндө кабыл алынган. Кийин, 2-апрелде Жамбыл районундагы Кордай айылында кыргыз-казак премьер-министрлери Улукбек Марипов менен Аскар Маминдин ортосунда ушул эле чечим макулдашуу аркылуу бекитилген.

Бишкек-Талас-Бишкек каттамы боюнча Казакстандын аймагы аркылуу жүргүнчүлөрдүн кыймылын казак тарап коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын 16-мартында токтоткон эле.

Кыргызстандын өзүнүн аймагындагы жолдордогу ашууларда кышта кар калың түшкөндүктөн Таластын айрым райондору менен Бишкектин ортосундагы транспорттук байланыштар иш жүзүндө басаңдап калган. Жүргүнчүлөрдү ташуу, анын ичинде оорулууларды, карыларды жана балдарды ташуу процесси татаалдашкан. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG