Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:18

Навальныйдын басма сөз катчысы менен фонддун юристи кармалды


Орусия. Любовь Соболь. Навальный негиздеген Коррупцияга каршы күрөш фондунун юристи.
Орусия. Любовь Соболь. Навальный негиздеген Коррупцияга каршы күрөш фондунун юристи.

Бул тууралуу "МБХ медиа" кабарлаганын "Настоящее Время" жарыялады.

Москвада Алексей Навальныйды колдоо боюнча саясий акциялардын алдында "Коррупцияга каршы күрөш фондунун" юристи Любовь Соболь жана Навальныйдын маалымат катчысы Кира Ярмыш кармалганы кабарланды. Саясатчынын адвокаты Вероника Полякова полиция кызматкерлери Ярмышты машинеде кармап отурушканын билдирди.

Ал эми ага адвокаты менен сүйлөшүүгө мүмкүнчүлүк берилген эмес.

Любовь Собольдун адвокаты Воронин полиция активистти Дон райондук ички иштер бөлүмүнө алып келгенин жана учурда микроавтобустун ичинде кармап турганын айтты.

Буга чейин полиция бул митингдердин алдында Навальныйдын боштондугун талап кылган бүткүл орусиялык саясий акцияларга байланыштуу башка жарандык активисттер менен журналисттерди да кармап, алардын үйлөрүндө жана кеңселерде тинтүүлөрдү жүргүзгөн.

Орусиянын Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратурасы жапырт башаламандыктар боюнча кылмыш иштери козголорун эскертип, жарандарды мындай макулдашылбаган саясий акцияларга катышуудан карманууга чакырган.

Дал ушул окуялар маалында Орусиянын президенти Путин Мамлекеттик Думада элге кайрылды. Ал өлкөнүн ички жана тышкы саясатындагы башкы маселелерди белгилеп, багыттарды атады.

XS
SM
MD
LG