Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:52

"Кемпир-Абад": Өзгөндө дагы жер алмашууга каршылар чогулду


Кызыл-Октябрь айылынын тургундары.
Кызыл-Октябрь айылынын тургундары.

21-апрель күнү Өзгөн районунун Кызыл-Октябрь айылынын айрым тургундары "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жерди Өзбекстан менен алмашууга каршы болуп, нааразылык акцияга чогулду.

Алар Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевге кайрылып, Өзбекстан менен жер алмашууга байланыштуу протоколду жокко чыгарууну талап кылышты.

Каршы болгондор "Кемпир-Абадга" байланыштуу чечим чукул чыкканын айтып, атайын кызматтын башчысынан жергиликтүү эл менен жолугушуусун талап кылышты.

"Бул жерлер берилбеши керек. Азыркы протоколуңуздар жоюлсун, жокко чыгарылсын. Камчыбек Ташиев биз сизден суранабыз жана талап кылабыз", -деди тургундардын бири.

Ташиев 19-апрелде "Кемпир-Абад" суу сактагычынын жанындагы 50 гектар жерди алмашууга каршы чыккандар менен жолуккан.

Анда нааразы болгон кыргызстандыктардын талабынан улам Ташкентке дагы бир жолу барып келерин, 50 гектар жерди 20га чейин азайтууга аракет кыларын айткан. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG