Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:25

Бишкекте Гүлзат Аалиеваны бошотууну талап кылгандар митингге чыгышты


Гүлзат Алиеванын тарапташтарынын акциясы. Бишкек, Кыргызстан.
Гүлзат Алиеванын тарапташтарынын акциясы. Бишкек, Кыргызстан.

Жогорку Кеңештин имаратынын жанында илимпоз Гүлзат Аалиеванын тарапташтары "Аалиевага боштондук", "Сөз эркиндигине, кыргыздын каада-салтына боштондук" деген ураандарды кыйкырып турушат.

Гүлзат Аалиеванын бир тууган сиңдиси Нурзат Аалиева акцияга интелегенция, маданият өкүлдөрү, кайдыгер карабаган адамдар чогулганын, эжесинин бошотулушун талап кылган кайрылууга кол топтолуп, бийликке жолдонорун маалымдады.

Философия илимдеринин кандидаты, доцент Гүлзат Аалиева 21-апрелде Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмүнө күбө катары суракка чакырылып, ошол жерден кармалган. Нурзат Аалиева эжесине каршы адвокат Аида Абдрахманова "социалдык тармактардагы билдирүүлөрү аркылуу элди экиге бөлүп жатат" деп арыз жазганын "Азаттыкка" маалымдаган.

22-апрелде милиция Гүлзат Аалиева Жазык кодексинин 313-беренеси - "Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты (араздашууну) козутууга" шек саналып кармалганын тактады. Ага ылайык, Аалиевага каршы 19-февралда борбордун жашоочусунан арыз түшкөн.

Факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, тергөө иштери башталган. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, экспертиза дайындалган.

48 жаштагы Гүлзат Аалиева учурда Бишкектеги менчик эки медициналык университетте философиядан сабак берет. Ага чейин 15 жылдай Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында кафедра башчысы болуп иштеген. Ал интернетте негизинен ислам динин тутунгандарга байланыштуу кескин сын-пикирлери менен таанымал. (ErN\AiA)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG