Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 06:52

Тажикстандык имам салафий агымына шек саналып кармалды


Дүйшөмү шаары. Абдулхак Обидов, "Шохмансур" мечитинин имам-хатиби.
Дүйшөмү шаары. Абдулхак Обидов, "Шохмансур" мечитинин имам-хатиби.

Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарындагы Шохмансур мечитинин имамы, 44 жаштагы Абдулхак Обидов тажияда сүйлөгөн сөзүнөн кийин кармалды.

Ал өлкөдөгү диний окумал чөйрөдө Махсуми Абдулхак деген ат менен белгилүү.

Аны кармап, камакка алган Улуттук коопсуздук комитети динаятчы салафий агымына шек саналып жатканын кабарлады.

Имам-хатиб Обидов белгилүү маркум динаятчы жана беделдүү ишмер Хикматулло Тажикободинин тажиясында сөз сүйлөп, аны өлкөдөгү эң улуу лидерлердин бири деп сыпаттаган. Бул тууралуу жазган “Бомдод” сайты атайын кызмат анын бул айтканы 2016-жылы “Улут көсөмү” деп жарыяланган президент Эмомали Рахмонго көлөкө түшүрөт деп кооптонуп, имамды тез арада камоону эп көргөнүн белгиледи. Бирок УКМК тараткан билдирүүдө бул тууралуу сөз жок.

"Ховар" улуттук агенттиги Обидов Вахдат шаарында калаанын башка дагы бир төрт тургуну менен бирге кармалганын кабарлады.

Аларга Тажикстанда тыюу салынган слафий кыймылы менен байланышы бар деген шек менен кылмыш иши козголду.

Өлкөнүн Дин иштери боюнча комитети имамдын тажияда сүйлөгөн сөзүнүн анын кармалышына тиешеси жоктугун билдирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG