Чех парламенттинин жогорку палатасы - Сенат орусиялык тыңчылардын тиешеси бар деген 2014-жылы Врбетицедеги жардырууну "Евробиримдиктин бир мүчөсүнө каршы багытталган мамлекеттик террорчул акты" деген тыянакка келди.
Бул резолюцияга Сенаттын жыйынына катышкан 72 депутаттын 67си добуш берди.
Жыйындын жүрүшүндө сенаторлор чех өкмөтүн Орусия менен достук мамилелер жана кызматташтык тууралуу келишимди токтотууга чакырышты.
Ошондой эле Прагадагы Орусиянын элчилигинин курамын бир кызматкерге чейин кыскартуу сунушталды.
Мындан сырткары Чехиянын Сенатында Врбетицедеги жардырууну БУУнун Коопсуздук Кеңешинин деңгээлинде карап, НАТО менен Евробиримдикте ал тууралуу талкууларды уюштуруу демилгеси көтөрүлдү.
Ошондой эле, жыйынтыгында Врбетицидеги жардыруунун кесепеттери үчүн Орусиядан кенемте талап кылуу тууралуу сунуш түштү.
Буга чейин Орусияга карата ушундай чараларга барууну чех парламенттинин төмөнкү палатасы жарыялаган болчу.
Чехия 2014-жылкы жарылууга байланыштуу Орусиянын 18 дипломатын өлкөдөн чыгаруу чечимин кабыл алган. Кремль ага жооп кылып чехиялык 20 жаранды өлкөдөн чыгарыларын билдирген.