Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 12:57

АКШнын Орусиядагы элчиси кеңешүү үчүн Вашингтонго чакыртылды


АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Салливан, 20-июнь, 2020-жыл.
АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Салливан, 20-июнь, 2020-жыл.

АКШнын Орусиядагы элчиси Жон Салливан 22-апрелде президент Жо Байдендин администрациясы менен жолугуп, кеңешүү үчүн Кошмо Штаттарга учуп кетти. Бул тууралуу “Интерфакс” агенттиги кабарлады. Агенттик америкалык дипломат АКШга Лондон аркылуу учушу мүмкүн экенин айтып, бул күнү Москвадан АКШга түз уча турган абакаттамы болбогонун билдирди.

АКШнын элчиси Жон Салливан башында Орусиядан тез арада кетүүгө ниеттенбей эле турганын айткан, бирок 20-апрелде Вашингтонго кеңешүүгө барарын билдирген.

Элчи Салливан АКШдагы үй-бүлөсүнөн кабар алып, президент Жо Байдендин администрациясы менен жолугуп, эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелерди талкуулай турганын белгилеген.

21-апрелде Орусия Москвадагы америкалык элчиликтин он кызматкерин “нон грант персонасы” деп жарыялап, алардан ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кетүүнү талап кылган. Бул Вашингтондун орусиялык он дипломатты АКШдан чыгаруу чечимине Москванын жообу болду.

Вашингтон 15-апрелде Орусияга каршы жаңы санкциялар кирерин жарыялаган. АКШ Орусияны шайлоого кийлигишүүгө, тыңчылык кылууга жана хакердик чабуулдарга айыптап Вашингтондогу орус элчилигинин он кызматкери өлкөдөн чыгарыларын жарыялаган болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG