Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Британ парламенти Кытайдын Шинжаңдагы саясатын геноцид деп тааныды


Шинжаңдагы адам укуктарынын бузулушуна каршы протесттен бир көрүнүш
Шинжаңдагы адам укуктарынын бузулушуна каршы протесттен бир көрүнүш

Британ парламентинин Өкүлдөр палатасы Кытайдын Шинжаңдагы уйгур жана башка мусулман азчылыктарга карата саясатын геноцид деп таануу тууралуу сунушту колдоду.

Бейшембиде кабыл алынган декларация cөзсүз аткарылышы керек деген милдеттемелерди камтыбаса да, Бээжиндин Шиңжандагы саясатына каршы эл аралык коомчулуктун кезектеги басымы болуп калат.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар сыяктуу мусулман жамааттарынын жүз миңдеген өкүлдөрү "саясий тарбия берүүчү лагерлер" аттыккан жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет.

Буга чейин АКШнын өкмөтү, Бельгия, Нидерланддар, Канаданын парламенттери Кытайдын аракеттерин геноцид деп тааныган.

Быйыл март айында Кошмо Штаттар, Британия жана Канада Евро Биримдиктин Кытай адам укуктарын бузуп жатканы үчүн салган санкциясына кошулуп, бир нече чектөөлөрдү киргизген.

Бирок Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди кесипке үйрөтүүчү борборлор катары мүнөздөп келатат. Ошондой эле Шинжаңдагы чараларды экстремизмди ооздуктоо аракети менен түшүндүрүп жүрөт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG