Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:39

Чехия жана Орусия өз элчиликтеринде 32ден гана кызматкер кармайт


Чехиянын тышкы иштер министри Якуб Кулганек
Чехиянын тышкы иштер министри Якуб Кулганек

Чехия Москвадагы элчигинде жана Орусия Прагадагы өз элчилигинде 32ден гана кызматкер кармайт. Бул тууралуу Чехиянын тышкы иштер министри Якуб Кулганек 23-апрелде жарыялады. Ал мындай билдирүүнү бир күн мурун орус бийлигинен бир нече дипломатын Прагадан чыгарып кетүүнү талап кылган соң жасады.

“Эки тарапта тең жетиден дипломат жана 25тен административдик, техникалык кызматкер гана иштейт”,-деди чех министри

Праганын 22-апрелдеи шартына ылайык, Орусия Чехиядагы дипломаттарынын санын Москвадагы чех дипломаттары менен бирдей санга теңеши керек болчу. Чех бийлиги орус тарапка мындай шартты майдын аягына чейин аткарууга убакыт берген.

Чехия менен Орусиянын ортосундагы дипломатиялык чатактын чыгышына Прага 2014-жылы аскердик кампадагы жарылууга элчиликте иштеген орус тыңчыларынын катышы бар деген билдирүүсү себеп болду. Мындан соң чех өкмөтү 19-апрелде 18 орусиялык дипломатты өз аймагынан чыгарган.

Буга жооп кайтарып, Москва Чехиянын 20 дипломатын “персона нон-грата” деп жарыялап, алардын Орусиядан чыгып кетүүсүн талап кылган. Кремлдин бул талабы чехтердин Москвадагы элчилигинин ишин үзгүлтүккө учуратканы үчүн Прага жаңы талаптарды койгон.

2014-жылы 16-декабрда Чехиянын Врбетице кыштагында 50 тонна ок-дары жарылып, эки адам каза болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG