Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:13

Матраимовдор үч медиага каршы доосунан баш тартышты


Матраимовдордун үй-бүлөсү "Азаттык Медиа" мекемесине, "Клоп Медиа" коомдук фондуна, 24.kg маалымат агенттигине жана журналист Али Токтакуновго каршы доосунан баш тартты.

Арызды Бишкектин Свердлов райондук сотуна доогерлердин өкүлдөрү Мадина Ниязова жана Татьяна Карыжинская жазган. Аталган иште басылмалардын жана журналисттин укугун коргоп жүргөн адвокат Акмат Алагушев муну 23-апрелде тастыктады.

"27-апрелде сот отуруму болот. Доогерлердин өкүлдөрү өздөрү жарыялашы керек. Сот аны кабыл алабы же жокпу, көрөбүз. Биздин пикирибизди деле сурайт", - деди адвокат Алагушев.

Арыз ээлери Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орунбасары Райымбек Матраимовго байланыштуу ишти Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети карап, чечим кабыл алганын, райондук соттун чечими да күчүнө киргенин билдиришкен.

"Белгилей кетсек, Райымбек Матраимовго карата Кылмыш-жаза кодексинин 319-беренесинде каралган кылмышты жасагандыгы үчүн айыпталганы боюнча Биринчи май райондук сотунун 2021-жылдын 11-февралындагы өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирди",- деп жазылат арызда.

2019-2020-жылдары «Азаттык» радиосу, «Уюшкан кылмыштуулукту жана коррупцияны иликтөө долбоору», (OCCRP) анын Кыргызстандагы өнөктөшү «Kloop» медиасы чогуу бажы тармагындагы коррупциялык иштерди ашкерелеген иликтөөлөрдүн сериясын жарыялаган.

Анда көпчүлүккө белгисиз Хабибулла Абдукадыр аттуу адамдын үй-бүлөсүнүн карго компаниясы кыргыз бажысындагы көмүскө схемалар аркылуу ири суммада акчаны адалдаштырып, миллиондогон доллар мыйзамсыз өлкөдөн чыгарып турганы көрсөтүлгөн. Иликтөөдө ал иштерге Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тиешеси бар болушу ыктымал экени айтылган.

Бул иликтөөлөргө байланыштуу Райымбек Матраимов, анын Жогорку Кеңештеги агасы, депутат Искендер Матраимов, алардын жубайлары жана үй-бүлөлүк «Ысмайыл Матраимов атындагы фонд» үч медианы сотко берген. Алар «Матраимовдордун кадыр-баркына доо кетирген» деп «Азаттык» радиосунан, кабарчы Али Токтакуновдон, «Kloop» жана «24.kg» сайттарынан жалпысынан 60 млн сом өндүрүп берүүнү өтүнүшкөн. Кийинчерээк Матраимовдор «24.kg» сайтына койгон 15 миллиондук материалдык доосунан баш тартып, аны сот канааттандырган.

Бишкектин Биринчи май райондук соту 11-февралда Райымбек Матраимовду 319-берене (Коррупция) беренеси менен күнөөлүү деп таап, 260 миң сом айып пул чегерген. Ал бажыда коррупциялык схема түзгөнүн моюнуна алып, буга чейин бюджетке 2 млрд. сом төккөн.

УКМК Матраимовду кылмыштуу кирешени адалдоо фактысы боюнча быйыл 18-февралда камакка алган. 15-апрелде далил табылбаганын билдирип, териштирүүнү токтоткон жана өзүн боштондукка чыгарган.

УКМК Матраимов өзү жана бажыдагы башка кызмат адамдары 2016-жылдын башында бажы системасында коррупциялык схема түзүшкөнүн, бул схема азыркыга чейин иштеп турганын билдирген. (SE)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG