Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:37

Климаттын өзгөрүшү: 40тан ашык өлкөнүн лидерлери саммитке чогулду


АКШнын президенти Жо Байден саммитте сөз сүйлөөдө
АКШнын президенти Жо Байден саммитте сөз сүйлөөдө

Дүйнөдөгү климаттын өзгөрүшү тууралуу эл аралык саммиттин экинчи күнүнө Билл Гейтс, Майкл Блумберг сыяктуу эң бай миллиардерлер, темир иштетүү, энергетика жаатындагы кесиптик кошуундардын лидерлери катышат.

Алар АКШнын президенти Жо Байдендин абага зыяндуу газдарды азайтуу жана америка экономикасын өзгөртүүг байланыштуу дымактуу планын ишке ашырууга көмөктөшмөкчү.

22-апрелде башталган саммиттин биринчи күнүндө Байден “Дүйнөдөгү климаттын өзгөрүшү- өтө коркунучтуу ”,-деп билдирди. Ал 2030-жылга чейин абага зыяндуу газдардын бөлүнүшүн 2005-жылдагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу эки эсеге чейин кыскартууга убада берди.

Байден мындай амбициялуу планы менен Париж келишиминин буга чейинки максаттарын жаңылады. Кошмо Штаттардын экс-президенти Барак Обама кезегинде 2025-жылга чейин абага зыяндуу газдардын көлөмүн 28 пайызга чейин кыскартуу максатын койгон эле.

Видеоконференция форматында өтүп жаткан саммитке дүйнөнүн 40тан ашык өлкөсүнүн президенттери катышууда. Саммиттин жүрүшүндө экологиялык көйгөйлөрдү чечүү үчүн келечектеги инновациялык долбоорлор да талкууланууда.

Ушул багытта Microsoft корпорациясынын негиздөөчү Билл Гейтс сөз сүйлөт. Дүйнөнүн эң бай адамдарынын бири болгон Гейтс буга чейин айлана-чөйрөгө зыян келтирбеген энергияны түзүүгө эки миллиард долларга жакын каражат жумшаган.

XS
SM
MD
LG