Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:07

Өзгөндө атасы зордуктаган кыз тууралуу милицияга арыз түштү


Kyrgyzstan, girl, violence, rape.
Kyrgyzstan, girl, violence, rape.

Оштогу Өзгөн районуна караштуу Кош-Коргон айылынын 45 жаштагы тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда ушул 19-апрель кечинде "М" аттуу 17 жаштагы жээнинин алсыздыгынан пайдаланып өз үйүндө 45 жаштагы атасы В.С зордуктап койгонун билдирген.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү рестрине Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 161-беренесинин, 3-бөлүмүнүн 1-пунктунун (Жашы жете элек адамга карата зордуктоо) негизинде катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды.

Окуя болгон жерге кароо жүргүзүлүп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев соттук-медициналык экспертизанын алгачкы жыйынтыктары тууралуу буларды айтты:

"Алгачкы соттук-медициналык экспертизанын текшерүүүсүнө ылайык, кыз белгиси бузулбагандыгы белгилүү болгон. Учурда биологиялык экспертизанын бүтүмү чыга элек.Биологиялык экспертизанын жыйынтыгы менен кандай аракет болгону такталат. Ар тараптуу иликтѳѳ максатында жабырлануучуга жана арыз ээсине карата да соттук-психологиялык экспертиза дайындалган".

Жабырлануучу кыздын апасы Орусияда иштеп жүргөн.

Ош облусунда 2020-жылы зордуктоо боюнча жалпы 9 кылмыш иши сотко өткөн. Ал эми жыл жаңыргандан бери жашы жете электерге карата зордуктоо аракети менен алты арыз катталган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG