Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:05

Баткенде салттуу музыка жумалыгы башталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Баткенде 23-апрелде “Салттуу музыка жумалыгы” жана эл аралык “Достук” фестивалы башталды.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдиргендей иш-чарага Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын көрүнүктүү маданият өкүлдөрү, салттуу музыканын дасыккан чеберлери жана жаш таланттар катышууда.

Расмий ачылышы Апаз Жайнаков атындагы Баткен облустук драма театрында болду. Ушул эле күнү Бишкекте “Коомдун руханий адеп-ахлактык өнүгүүсү жана салттуу музыкалык маданият” темасында эл аралык илимий конференция онлайн форматта өз ишин баштады.

“Салттуу музыка жумалыгы” 24-25-апрелде да улантылат. Иш-чара салттуу оозеки музыкалык искусствону сактоо, өркүндөтүү жана жайылтуу, коңшу элдердин ынтымагын бекемдөө, алардын маданиятын таануу максатында уюштурулууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG