Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:24

Талант Мамытов БУУнун туруктуу өкүлүнөн жардам сурады


БУУнун өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен
БУУнун өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Бириккен улуттар уюмунун өнүктүрүү программасынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен менен 23-апрелде жолугуп, эки тараптуу кызматташтык тууралуу сүйлөштү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Жолугушууда Мамытов Кыргызстандагы мыйзамдарды жаңы кабыл алынган Конституцияга шайкеш келтирүү зарылдыгын баса белгилеп, бирок бул үчүн Парламенттик аппараттын маалыматтык-техникалык базасы октябрь окуяларынан кийин кыйрап, начар абалда экенин айтты.

Спикер БУУнун өкүлүнөн маалыматтык-байланыш ресурстарын калыбына келтирүүгө жардам берүүсүн өтүндү.

Жогорку Кеңештин имараты бийлик алмашуу менен аяктаган октябрь окуяларында талкаланып, техникалары жараксыз болуп калган. Имаратты оңдоп-түзөөгө депутаттар да салым кошуп, иш бөлмөлөр жана жыйындар залы оңдолгон. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG