Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:49

АКШ Ооганстандан аскерлерин чыга баштады


Ооганстандагы эл аралык күчтөр.
Ооганстандагы эл аралык күчтөр.

Ооганстандагы эл аралык күчтөрдүн кол башчысы, генерал Скотт Миллер жекшембиден тартып АКШнын жана анын НАТОдогу союздаштарынын аскерлери ирети менен чыгарыла баштаганын жарыялады.

Ал азыркы мезгилде эсептеп, тактап чыгып, Ооганстандын аймагындагы эл аралык күчтөрдүн карамагындагы аскер базаларын жабдуулары менен кошо Ооганстандын коопсуздук күчтөрүнө өткөрүп берүү иштери жүрүп жатканын билдирди.

Бул тууралуу Ооганстандагы эл аралык күчтөрдүн кол башчысына шилтеме берип, “Америка добушу” радиосу кабарлады.

Скотт Миллер президент Жо Байдендин аскерлерди чыгаруу боюнча чечимине ылайык, АКШнын тарыхындагы эң узак согуш аяктай турганын билдирди.

Ошондой эле генерал Скотт Миллер “Талибан” кыймылынын өкүлдөрү менен жолугуп, аларга тынчтыкты бузууга жол бербестигин эскерткенин айтты. Анын айтымында, талибдер азыр эл аралык күчтөр менен түзүлгөн жарашуу шартын сактап, бирок кээде ооган күчтөрүнө кол салууну улантууда. "Талибан" кыймылы чет элдик күчтөр чыгып кеткенден кийин гана тынчтык сүйлөшүүлөрү улана турганын билдирген.

Скотт Миллер Ооганстандагы эл аралык күчтөрдү 2018-жылдан бери жетектейт.

АКШ менен “Талибандын” өкүлдөрүнүн буга чейинки макулдашуусуна ылайык, 1-майга чейин эл аралык күчтөр Ооганстандан чыгарылууга тийиш. Бирок АКШнын президенти Жо Байден бул мөөнөттү узартып, эң акыркы аскер күчтөрүн чыгарууну 11-сентябрга жылдырган болчу.

XS
SM
MD
LG