Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:36

Навальныйдын фонду: Сот прокуратуранын арызын канааттандырды


Орусия. Иван Жданов, Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун директору. 3-сентябрь, 2020-жыл.
Орусия. Иван Жданов, Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун директору. 3-сентябрь, 2020-жыл.

Москва шаардык соту Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун жана Алексей Навальныйдын штабдарынын ишмердигин токтотуу боюнча прокуратуранын арызын канааттандырган чечим кабыл алды. Мындай чечим аталган уюмдарды "экстремисттик" деп таануу боюнча иш сотто каралганга чейин эле кабыл алынганын фонддун директору Иван Жданов “Твиттерге” жазды.

Москванын прокуратурасы 16-апрелде Навальныйга байланыштуу Коррупцияга каршы күрөшүү фондун, Жарандардын укугун коргоо борборун жана анын аймактык бөлүмдөрүн “экстремисттик” уюм катары табуу үчүн сотко кайрылган. Бул боюнча соттук баштапкы угуу 26-апрелде өтүп, ал эми сот жараяны 29-апрелге дайындалган болчу.

Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун жетекчилиги “Кремль азыр эле аларга ким каршы чыкса, бардыгын “экстремист” деп табууну талап кылды” деп билдирди. Алардын айтымында, бийликтин мындай шашылыш аракети ири каршылык акциясына жана Мамлекеттик Думага шайлоого байланыштуу болуп жатат.

Прокуратуранын Коррупцияга каршы күрөшүү фондуна, Жарандардын укугун коргоо фондуна жана Навальныйдын штабдарына карата аларды экстремисттик деп таануу боюнча доо арызы Москва шаардык сотунда катталган.

Фонддун өкүлдөрү сотко келип, иштин маңызы менен таанышууну талап кылганда, соттун кеңсесинен “материалдар мамлекеттик сыр” экенин айтып, иштин бир нускасын таанышуу үчүн берүүдөн баш тартышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG