Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:38

Актауда түрмөдө жаткан эки адам кашык жутуп алды


Казакстан. Актөбө. Абак жайынын тургундары аларга карата кыйноолор тууралуу видео кайрылуу жасаган учур.
Казакстан. Актөбө. Абак жайынын тургундары аларга карата кыйноолор тууралуу видео кайрылуу жасаган учур.

Казакстанда Актау шаарына жакын ГМ-172 абак жайындагы эки соттолуучу түрмөнүн шартына наарызылык иретинде ашкана кашыгын жутуп, өмүрүнө кол салганы белгилүү болду.

Бул тууралуу Lada.kz сайты Жаза аткаруу кызматынын Мангистау облустук башкармалыгына таянып, жазып чыкты.

Мекеменин маалыматына караганда, бул окуя 21-апрелде болуп, абакта кашык жуткан жабырлануучулар ооруканага түшүп, алардын саламаттыгы орто экени кабарланган.

Буга байланыштуу түрмөгө Кыйноолорду алдын алуу жана коомдук көзөмөл комиссиясынын өкүлдөрү кирип, абакта жаткандардан кабар алган. Комиссиянын жетекчилиги кашык жутууга негиз болгон себептер текшериле турганын белгилешти.

Буга чейин укук коргоочулар Казакстандын түрмөлөрүндө өз өмүрүнө кол салган учурлардын катталышына андагы кыйноолор жана басым көрсөтүүлөр себеп болорун билдиришкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG