Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:56

Өзгөн: Жыйындан кубалап кетиришкен журналисттин окуясы териштирилүүдө


Өзгөн. Окуянын видеосунан алынган сүрөт.
Өзгөн. Окуянын видеосунан алынган сүрөт.

Өзгөндө чек ара маселеси боюнча акция учурунда журналист туш болгон окуяга байланыштуу териштирүү башталды. Бул тууралуу 26-апрелде “Азаттык” радиосуна Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, факт Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталып, үч киши күбө катары суракка чакырылды:

“Журналистке ошончолук эмнеге атырылышат? Ошого жооп алышыбыз керек да. Журналист арыз жазбаганы менен факт каттоого алынган. Видеого тартылып, талкуу жүрүп жатат. Ошого юридикалык баа беришибиз керек. А уюштуруучулар ошол тополоңго жол бергени үчүн жооп бериши керек. Милициянын биринчи тосмосунан өтүп, экинчи тосмодон зорго кармалып калып жатышат. Алар да милицияга баш ийбегени үчүн жооп бериши керек”.

25-апрелде Өзгөн районунун Куршаб айылындагы борбордук стадиондо “Кемпир-Абад” суу сактагычы боюнча элдик жыйын өтүп, ага Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев катышкан.

Митингдин алып баруучусу Мирлан Ураимов мамлекеттик телеканалдарды жана Ташиевге тиешелүү экени айтылган “Регион” каналын сынга алган. Анын сөзүнө "Регион" каналынын мурунку кызматкери Акниет Кеңешов жооп берип жаткан учурда нааразы топ аны аянттан кууп чыгарууга аракет кылган.

Милиция Өзгөн райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери эки тарапты ажыратып, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, бири-бирине доосу жоктугуна байланыштуу коё бергенин маалымдаган. (DU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG