Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2021 жекшемби, Бишкек убактысы 20:20

Навальныйдын тарапташы Любовь Соболго 300 миң рубль айып салынды


Любовь Соболь. 26-апрель, 2021-жыл.

Оппозиция лидери Алексей Навальныйдын саясий үзөңгүлөшү Любовь Соболь "жарандарды саясий акцияларга үндөгөн" деген айып менен административдик жазага тартылып, ага 300 миң рубль өлчөмүндө айып салынды.

Сот аны "макулдашылбаган саясий акцияларга чакырык жасаган" жана "митингди уюштуруу эрежесин экинчи ирет бузган" деп таап, жогорку акчалай өлчөмдөгү айып салган.

Соттун мындай чечими тууралуу Любовь Соболдун адвокаты Владимир Воронин билдирди.

Сот Соболдун 21-апрелде «Эхо Москва» радиосунан айткандарын акцияга чыгууга чакырык деп тапкан. Бирок адвокаттын айтымында, полиция анын конкреттүү чакырык салган сөзүн сотто мисал келтире алган эмес.

Өткөн жумада Орусиянын Москва баштаган ондогон шаарларында оппозиция лидери Алексей Навальныйды колдогон калайман каршылык акцияларында кармалган адамдардын саны 1700дөн ашкан.

Акциялар башталганга чейин эле Навальныйдын басма сөз катчысы Кира Ярмышты жана "Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун" юристи Любовь Соболду полиция кармап кеткен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG