Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:18

Британия "Магнитский ишине" тиешеси бар 14 орусиялыкка санкция салды


Сергей Магнитский
Сергей Магнитский

Британия «Магнитскийдин ишине» тиешеси бар Орусиянын 14 жаранына санкция салды. Бул тууралуу маалымат 27-апрелде Британ Тышкы иштер министрлигинин сайтына чыкты. Аталган тизмеде коррупцияга жана акча адалдоого айыпталган 14 орусиялыктан сырткары Бириккен Араб Эмираттарынын, Гондурастын, Никарагуанын, Гватемаланын сегиз жараны бар.

Санкцияга илинген орус жарандарынын арасында «Универсалдуу сактык банкынын» мурдагы кожоюну Дмитрий Клюев, Сергей Магнитскийдин ишине тиешеси бар салык, укук коргоо органдарынын бир нече кызматкери бар. Эми бул санкцияга киргизилген адамдардын Британиядагы мүлкү, банктык эсептери камакка алынып, Бириккен королдуктун аймагына кирүүгө тыюу салынат.

Британия мындай санкцияларды биринчи жолу колдонууда. Бул өлкөнүн тышкы иштер министри Доминик Рааб жаңы санкция боюнча сүйлөп жатып, «Биздин адам укуктары жаатындагы глобалдык санкциялар боюнча аракетибиздей эле коррупцияга каршы санкциялар бүтүндөй өлкөгө эмес, паракорчулукка айыпталгандарды, коррупциялык аракеттерден улам пайдага туйтунган же колдогон адамдарды жоопко тартууга багытталган»,-деп билдирди.

Британиялык «Hermitage Capital» фондунун юристи Сергей Магнитский 2008-жылы камакка алынган жана ага «салык төлөөдөн качкан» деген айып коюлган. Ал тергөө абагында отурганда 37 жашында каза тапкан. Магнитскийдин жактоочулары анын ишин саясий буюртма менен байланыштырып келишет. Анткени юрист ага чейин Орусиянын Ички иштер министрлигинде, Федералдык коопсуздук кызматында бюджеттик ири каражаттардын уурдалышынын бетин ачкан. Адвокаттын өлүмү эл аралык ири жаңжалга себеп болгон.

2012-жылы АКШда “Магнитский акты” деген мыйзам кабыл алынган. Ал мыйзамга ылайык, адам укуктарын жана мыйзамдарды бузган адамдарга карата санкциялар киргизилет.

Былтыр АКШнын мындай санкциясына Кыргызстандын Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимов жана жубайы Уулкан Тургунова киргизилген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG