Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:17

Эрдоган Байдендин армян "геноциди" боюнча билдирүүсүнө жооп кайтарды


Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган
Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган

Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган АКШнын президенти Жо Байдендин Осмон империясынын тушундагы армян кыргынын “геноцид” деп аташын кескин айыптады.

Эрдоган 26-апрелдеги телекайрылуусунда акыркы чечим АКШ-Түркия мамилесине “терс таасирин тийгизерин” билдирди. Түрк президенти Эрдоган Жо Байденге “геноцид үчүн башкаларды айыптардан мурун күзгүдөн өзүңдү бир кара” деп кайрылып, Америкадагы түпкүлүктүү улуттардын таржымалын эске салды.

Жо Байден 24-апрель - армян кыргынынын курмандыктарын эскерүү күнүндө 1915-жылдагы окуяларды "геноцид" деп атаган. Байден узак убактан берки негизги аймактык жана НАТОдогу маанилүү өнөктөшү Түркия менен ансыз дагы начарлап жаткан алака-катышты сындаган билдирүү тараткан. Байден бул окуяларга Рональд Рейгандан кийин "геноцид" деп мүнөздөмө берген АКШнын алгачкы президенти болуп калды.

Буга чейин Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Байдендин чечимин "популизмге негизделген билдирүү" катары мүнөздөп, аны толук четке кагаарын билдирген болчу.

Жыл сайын 24-апрелде Арменияда жана армян жамааттары жашаган өлкөлөрдө 106 жыл мурда Осмон султандыгы маалындагы коогалаңда кыргынга кабылгандар эскерилет. Түркия "капсалаңда өлгөн армяндардын саны жөнүндө маалымат негизсиз, алар ич ара согуштун курмандыгы болгон" деп санайт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG